27-майда саат 17:40 чамасында Кемин районундагы Кара-Булак айыл аймагынын Бейшеке айылында мөндүр (7-8 миллиметр) аралаш катуу жаан жаап, жергиликтүү калктын талаадагы өсүмдүктөрүн жана жер тилкелериндеги жемиштерин талкалап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 250 турак жайдын 16 гектар там арка жерлери (огороддор), 6 гектар эгин талаасы (жүгөрү, картошка, кант кызылчасы ж.б.) жабыр тартты. 2014-2015-жылдары министрлик тарабынан кырсыктын алдын алуу үчүн курулган каналдар толугу менен иштеп, Бейшеке айылындагы турак жайларды селден сактап калды. Турак жайлар зыян тарткан эмес. Жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.