Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына 10 жаштагы бала чөгүп кетти

Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына белгисиз себептер менен түшүп кеткен баланы издөө үчүн куткаруучулар жөнөп кетишти. Бул тууралуу 28-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы Таш-Арык айылынын тургуну, 2005-жылы туулган Бактынур Раимов 27-май күнү түштөн кийин кой кайтарып жүрүп Отуз-Адыр каналына белгисиз себептер менен түшүп кеткен. ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучу 28-май күнү саат таңкы 05:40та баланы издөө үчүн жөнөп кетти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2015-05-29 21:47:20
Он жашар балага да кой кайтартабы, кээ бир ата
энелер ойлонуп иш кылса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан