Кара-Суу шаарындагы элүүгө жакын турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралууда

Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 27-майда Кескен-Жар жана Кара-Суу шаарынын жанындагы Өзбекстанга кетүүчү Шархан-Сай каналынын сол жак жээгинде бетон тосмолору 3 жеринен бузулуп кеткен. ӨКМнын басма сөз кызматы буга байланыштуу Кара-Суу шаарындагы элүүгө жакын турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралып жатканын билдирди. Бул боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ош бассейндик суу чарба башкармалыгы тарабынан Шархан-Сай магистралдык каналынын бетондолгон 3 тилкесинин бузулган жерин калыбына келтирүү үчүн 10-апрель күнү Өзбекстандын Фергана өрөөнүнүн Магистралдык каналдар боюнча башкармалыгына сууну токтотуп туруу өтүнүчү жиберилген.

Өзбекстан Республикасы тарабынан бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Аталган канал Өзбекстандын карамагында болгондуктан, бузулган аймактарды оңдоп-түзөө иштерин аткаруу боюнча Өзбекстан менен тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kadamjai1977
2015-05-28 12:46:57
Ошол чек араны такташканда канал кыргызстанда болот эле.100%
0
uragan007
2015-05-29 02:12:20
сууну эн башынан токтоткула болду. жооп келбесе ошондой кылыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан