Ысык-Ата районунда 26 жаштагы жаран “зордуктоого аракет кылган” деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 38 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал 26-май күнү белгисиз адам аны зордуктоого аракет кылганын билдирген. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ч.Ж. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.