ЭЛДИК КАБАР: Ак-Ордо-3 конушунда мектеп, спорттук зал курула турган жер сатылып кетти

Ак-Ордо-3 конушунда мектеп, спорттук зал курула турган жер сатылып кетти. Бул тууралуу WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына аталган конуштун тургуну 28-майда кабарлады. Окурман мектеп курула турган жайга учурда 3-4 үйдүн пайдубалы түптөлүп жатканын айтат. 
"Учурда үйлөрдүн пайдубалдарын куруп жатышат. Анысы аз келгенсип, жол болчу жерге да үй салына баштады. Минтип муниципалдык жерлер сатылып жатса, конуштун келечеги эмне болот? Бул ишке өкмөттүн чара көрүүсүн талап кылабыз",- дейт конуш тургуну.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maketai
2015-05-28 19:45:10
Mektep salynbai kalaby anan?
0
modem4999
2015-05-28 22:06:39
maketai, мектеп ары жагына деле батат дешкен го
0
maketai
2015-05-29 02:12:44
Jol bolchu jerge uy salyp algandykyn buldozor menen turturup,kaita jol kylyp salgym kelip jatat
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан