Мамлекеттик чек ара кызматы жыл башынан бери 5 миллион сомго бааланган аткезчилик жүгүн кармаган

Мамлекеттик чек ара кызматы жыл башынан бери 5 миллион сомго бааланган аткезчилик жүгүн кармаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан бүгүн, 28-майда билдиришти. 

Маалым болгондой, алгачкы 5 айда чек арачылар тарабынан 8 даана ок атуучу курал, ок-дарылар, 9 даана граната, авиабомбалар жана снаряд алынган. Мамлекеттик чек араны бузганы үчүн 124 адам кармалып, жоопко тартылган, ошондой эле чек ара режимин бузган 58 факт катталган. 1600 жарандын документтери туура эмес болгон, 7 адам депортацияга учураган. Ал эми жалпысынан быйыл кыргыз жергесинин чек арасы аркылуу 4,5 миллион адам жана 400 миң транспорттук каражат өткөрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан