Орусиянын Оренбург облусундагы чет өлкөлүк жарандарды кармоочу атайын жайда кыргыз өлкөсүнүн 7 жараны отурат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда мигранттар менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жарандар Орусиянын аймагында жүрүү эрежелерин бузганы үчүн кармалышкан. Алардын үчөөсүнүн ошол маалда өздүгүн тастыктаган документи жок болуп чыккан. Эми Орусиянын аймагынан чыгаруу боюнча соттук чечимдин негизинде алар “кара тизмеге” киргендигине байланыштуу кыргыз жергесине кайтууга мажбур болушат. Жакында “Замандаш” ассоциациясынын жардамы менен кыргыз өлкөсүнүн 3 жараны мекенине кайтат. Калгандар керектүү делген документтерди толуктап, каражат табылганда кыргыз мамлекетине жөнөтүлөт.