Чүй облусундагы Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкердин 2007-жылдан бери ар кандай мамлекеттик кызматтарда жасалма диплом менен иштеп келгени белгилүү болгон. Мындан улам ал ишти жабыш үчүн УКМКнын кызматкерине пара сунуштаган. Бул боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Н.М. 20 миң сом берип жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.