Кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү Малайзияга сапар алышат

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен мамлекетибиздин бир катар алдынкы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана өнөрпоздору алыскы Малайзия өлкөсүнө сапар алышат. Кыргыз делегациясы туризм тармагынын бир катар объектилерин көрмөкчү. Ошондой эле журналисттер Куала-Лумпурда болуп, Малайзиянын маданияты жана салттары менен таанышып, айтылуу Лангкави аралына да барышат. 

Малайзияга күндө он миңдеген туристтер келип-кетип турушат, аларга мыкты кызмат көрсөтүү жана аларды жогорку деңгээлде эс алдыруу - Малайзия элинин эмгеги. Мындай тажрыйба кыргыз жергесинде жайкы туристтик сезондо мамлекеттик органдар жана тургундар үчүн абдан пайдалуу болот. Бул туурасында кыргыз массалык маалымат каражаттары, албетте, маалымат таратышат.

Мындан тышкары кыргыз өлкөсүнүн жана Малайзиянын журналисттери өз ара тажрыйба алмашып, керектүү делинген байланыштарды түзө алышат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кыргыз журналисттери менен Малайзиянын алдынкы ММКларынын ("The Star" медиатобу жана башкалар) жолугушуусун уюштурат. Ошондой эле маданий иш-чаралар дагы каралган. Бишкектен Малайзияга кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков жана башкалар барышат. Артисттер аталган өлкөдө окуган жана иштеген мекендештерибиз үчүн концерттик программанын алкагында хит ырларын тартуулашат. 

Иш-чараны уюштурууга Малайзиядагы “Ала-Тоо” кыргыз коому жардам берүүдө, ал эми каржылык чыгымдарды толугу менен КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында өз моюнуна алды. Элчинин айтымында, маданий-маалыматтык кызматташуу экономикалык катнаштын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
realliver
2015-05-29 13:57:33
Султануп элчи болгону Кыргызстандык Кыргыздар жыргады го. А Малайзиялык Кыргыздар кантип жатат болду экен..
0
Mudur
2015-06-01 00:01:53
Кылыч мырзаны сыйлайм. Жоктон бар кылган адам экенин билем. Иштеринизге ийгилик! Башка элчилердин колокосу корунбойт, сиз эки олко ортосунда копуро болуп мамиле тузгонго аракет кылып жатканынызды коруп баа бердим.
+1
Suiuktuu
2015-06-01 00:14:21
Mudur, кошулам сага. Таалыкпаган эмгектин артынан эн ээн деген Супер-Инфону жараткан адам бул жумушунан да эн мыкты иш алып барат деп ишенем. Мен чын эле башка элчилерди тааакыр тааныбайт экем.
+1
Uulkan89
2015-06-01 15:14:55
Эээ, мени дагы ала кеткилеееечиии?? ((( Мен аябай кыялданып журом Малайзияга барууну. Малайзия менен тыгыз байланышта боло баштадык. Эми Казахстанга каттагандай эле барып калсак, э?
+1
Almaz_Balykchy
2015-06-01 15:18:22
Uulkan89, кыялдар орундалсын! ))
+1
Almaz_Balykchy
2015-06-01 15:17:59
Малайзияга окууга тапшырууну коздоп журуп, оюм ишке ашпай калган. Эжемдин коллегалары кышында барып келишкен. Озу барбаса да, алардын айткандарын угуп мен барып келгендей болдум )) Ийгилик!
+1
Akula55
2015-06-01 17:51:01
Ээ, элчилер ушинтип иштесе болот турбайбы. Ал жакта туризм онуккон. Биз алардан улгу алсак КР да онугот элек. Ушул Малайзия, Сингапур сыяктуу олколор менен алака тузуп, улгу алсак аябай жакшы болот. Азаматсыз, элчи мырза!
0
insta-kg
2015-06-01 18:01:46
Жакшы экен. Мен да баргым келип кетти. Кылычбек Султанов эми билим алуу жагынан да копуро болгонго аракет кылсаныз. Студенттер учун кандай женилдиктер бар, гранттар, бекер курсттар? Тажрыйба алмашуу дегендей. Мен КРСУда эл аралык мамилелер болумундо 1-курсту бутуп жатам, буюрса. Малайзия менин кыялымдагы олколордун бири. Ал жактан билим алып, сиздин элчиликте иштеп калсам аябай бактылуу болмокмун.
0
damir007
2015-06-03 17:24:54
Кыргыздарга ушундай сонун шарт тузуп берген элчибизге алкыштар болсун. Мурда мындай нерселерди деле коп укчу эмеспиз. Ушул К Султанов менен бир отуруп чайлашкым бар да, башынан откоргон жашоосу , басып откон жолу ийгиликтери тууралуу оз оозунан уккум келет баарлашып.
0
Grey
2015-06-03 17:29:20
Башка өлкөлөрдөгү кыргыз элчилери эмне кылып жатышканы билинбейт. А Кылыч байке баарын кабарлап турат. Кабарлап турганы иштеп жаткандыгы, иштебегендер эмнесин жарыялашмак эле? Башка элчилер, үлгү алгыла ))
0
cuper
2015-06-05 17:45:12
Кылыч байке элчилерден биринчи болуп жумуш кыла баштады. Башка элчилер бар жогу белгисиз (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан