Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жаш ырчы, обончу
Түмөнбай Колдошовдун жеке концерти өтүп жатат. Музыкалык кечени
Нурзат Токтосунова жана
Нурдөөлөт Копоев алып барышууда. Сахнаны "Улуу көч" бийи ачып берди. Андан соң концерт ээси Түмөнбай Колдошов "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" аттуу ырын аккордеон менен коштоп, жандуу аткарып, жаңы ырларын тартуулады.
Филармониянын концерттик залы көрүүчүлөргө толуп, бош орун жок.
Кечеге келгендердин арасында
Жогорку Кеңештин депутаттары
Исхак Пирматов жана
Роза Акназарова да бар.
Айта кетсек, Т.Колдошев "Элегия", "Сиз жөнүндө", "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" аттуу белгилүү ырлардын обондорун жараткан.