Эң узун бойлуу Жеңишбекке Алмазбек Атамбаев президенттик стипендия белгилеп, дарылануу үчүн жардам көрсөттү

Бою 2 метр 36 сантиметр болгон Жеңишбек Райымбаевге президент Алмазбек Атамбаев жардам көрсөттү. Бул тууралуу 28-майда президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында Жеңишбекке ай сайын 10 000 (он миң) сом өлчөмүндөгү президенттин өмүр бою төлөнүүчү стипендиясы белгиленди. Стипендия 2015-жылдын 1-майынан тартып берилет. Ошондой эле мамлекет башчынын буйругу менен президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан анын дарылануусуна материалдык жардам катары 100 000 сом бөлүндү.

Айта кетсек, Жеңишбек кант диабети жана бөйрөк оорусу менен ооруп келет. Анын айынан 4-5 ай мурун ордунан тура албай калган жана бир бутун кестирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sema04
2015-05-28 20:20:57
10000 сом 1 айга жетеби деги?20000 эле кылып койбойбу...Женишбекке АЛЛАХЫМ ден-соолук омур берсин.
-8
AFRODITA-89
2015-05-29 00:10:46
Sema04,Ошого да шугур ушул маалга чейип бир тыйын албай эле жургондум эми да болсо берилип атса жакшы экен Аллах колдоп сакайып кетиниз
+8
Dadasdasd
2015-05-28 20:22:21
Ото кеч болсо да Кудайга шугур эми ойгонушту.
+9
Aselina_kg
2015-05-28 20:49:52
Эчтен көрө кеч болсода берилип жатканына Аллага шүгүр жана президентибизге алкыштар болсун!
Жеңишбекке Жараткан шыпаа берип ,айыгып кетсин.
+10
edu.kg.
2015-05-28 22:44:01
Кечиреек болсо да ойгонушту окмотубуз. Бирааз бир жыл мурун жардам болгондо жакшы болмок,мейли эми мындан аркысын кудайым берсин! Ден-соолук каалайбыз.
+7
mira28
2015-05-29 00:04:57
Бергенине шугур дейли эмнеси болсо да кудайым шыпаасын берсин мындай алп адам кыргызда дагы жаралабы ким билет калайык калк деле жардам берсек сооп болмок
+3
mirana9395
2015-05-29 06:49:16
Ушунчалыгына шугур бергенине,10.000баракаси болсо баары болот айыгып кетиниз Кудайым озу сизге шыпаасын берсин.
0
jon.as
2015-05-29 07:04:39
кудай агабызга ден соолук омур берсин!
0
Munarka
2015-05-29 09:43:47
жакшы болуп кетиниз
0
Ayka1994
2015-05-29 12:27:53
Аябай жакшы жанылыкко. Ажообуздун жардам колун сунганы жакшы болгон экен. Коляска сурап атты элего апасы да . Эшикке чыксам дейм сыррта таза аба жутсам дейм дейт элего эми коляска да алат даарыланат буту сакайса пласстикалык бут койдуруп бутка туруп кетсе экен .
+1
elli_88
2015-05-29 22:31:55
бир бутунан айрылып калгандан кийин жардам бере башташтыго. эртерээк жардам берилгенде бутунан айрылбай калат беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан