Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жаш ырчы, обончу Түмөнбай Колдошовдун жеке концерти болуп өттү. Колдошов күйөрмандарына өзүнүн жана Рыспай Абдыкадыровдун ырларын жандуу үн менен ырдап берди. Ошондой эле "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" аттуу ырын жана элге белгилүү болуп калган бир нече чыгармасын аккордеон менен коштоп аткарды. Кечеде башка белгилүү ырчылар да конокторго ыр тартуулашты.
Филармониянын концерттик залы көрүүчүлөргө толуп, бош орундар жок болду. Кечеге келген Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Акназарова жана Исхак Пирматов ырчыга өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн арнашты. Акназарова Т.Колдошов менен бүт кыргыз эли сыймыктанарын белгилеп, ырчыны Жогорку Кеңештин Ардак баракчасы менен сыйлады. Пирматов ага бир жылкысын белекке берди.