Бишкекте каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар Н.Д. аттуу жарандын батир алам деген 3 миллион сомго жакын акчасын карактап кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде 1992-жылы туулган Асылбек жана 1991-жылы туулган Сыпар кармалган. Учурда кылмыштуу топтун калган мүчөлөрүн кармоо иштери жүрүүдө.