Бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнɵ карата Нарын шаарынын Городок аймагындагы коомдук мончонун имаратына улай курулган бассейндин ачылышы болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирди.
Маалым болгондой, салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Абдыманап Кутушев, Нурбек Касымбеков, Алмазбек Баатырбеков, өкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары, спортчулар, массалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү, курулушчулар катышты.
2014-жылы октябрь айында бассейндин капсуласы Ч.Турсунбековдун жана Д.Ниязалиеванын катышуусунда салынып, анын курулуш иштери тендерден утуп чыккан фирма тарабынан жүргүзүлүп, "Жылуулук берүү" бирикмесинин финансылык каржылоосу менен 13 миллион 895 миң сомго курулуп бүткөрүлдү.
Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар элин сергек, дени сак жашоого үндɵɵ максатында бассейн салуу планы Нарын шаарынын жол картасына киргизилип, бүгүнкү күндɵ эс алууга бардык ыңгайлуу шарттары түзүлгɵн бассейн толугу менен бүткөрүлүп, ишке берилди.
Белгилей кетсек, бассейндин узундугу 25 метр, тереңдиги 120-180 сантиметрди түзɵт.
Мындан сырткары жуунчу, эс алуучу жана кийинип-чечине турган жайлары саатына 40 адамды кабыл алууга ылайыкташтырылган.
Учурда бассейнде сууда сүзүүчүлɵрдү үйрөтүүчү инструктор, коопсуздукту сактоочу куткаруу кызматы жана техникалык тейлөөчү кызматкерлер иш алып барышмакчы.
Ал эми бүгүн майрамда бассейнге түшүү балдар үчүн бекер болууда.