Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү саат 06:54 чамасында катталып, анын очогу Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым, ал эми Сары-Таш айылынан 30 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.