1-сентябрдан тарта мугалимдердин маянасын көтөрүүгө 2,2 миллиард сом каражат бөлүндү. Мындай маалыматты бүгүн, 2-июнда КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
“Мугалимдер үчүн эң жакшы жаңылык: бүгүн өкмөттүн кезексиз жыйынында 2,2 миллиард сом каражат бөлүп берүү чечими абыл адынды. Албетте, билим берүү сапаты мугалимдердин айлык акысынан бир топ көз каранды болот. Министрлик бул жетишкендиктер менен токтоп калбайт, кийинки кезекте мугалимдердин статусун жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер турат”,- деп билдирди министр.