Бишкектеги жол кырсыгынан 3-класстын окуучусу жабыркады

Бишкектеги жол кырсыгынан 3-класстын окуучусу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 1-июнь күнү саат 14:00 чамасында болгон. Анда 27 жаштагы айдоочу унаасы менен 3-класста окуган кызды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен окуучу кыздын баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Liliia
2015-06-02 14:53:22
элендеп эки жагын карабай айдап кетип атса керек да айдоочу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан