Кара-Суу районунда 4,7 гектар жерди алдамчылык жолу менен ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Кара-Суу районунда 4,7 гектар жерди алдамчылык жолу менен ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2009-жылы “Бостон” айыл чарба кооперативине тиешелүү 4,7 гектар жер тилкеси “Бостон”, “Бостон-1”, “Хакикат” жана башка кооперативдердин мүчөлөрүнүн чечими менен убактылуу пайдалануу үчүн “Бостон-1” айыл чарба кооперативине өткөрүлүп берилген. Бирок 2011-жылы “Бостон-1” кооперативинин жетекчиси Ш.Мырзабаев алдоо жолу аркылуу 4,7 гектар жер тилкесин жеке менчикке чыгарып алган.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Meliana
2015-06-03 09:49:39
Эсептеп келсен мындай ситуациялар аябай коп.Билип билбегендери эсептеп отурушабы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан