Бишкекте аялын ок атуучу курал менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 23 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал өзүнүн 24 жаштагы күйөөсү Б.А. мас абалында ок атуучу курал менен коркутканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде Б.А. кармалган.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.