Ош. Алайда диний сабатсыздыкты жоюуга арналган жыйын өттү

Ош облусунун Алай районунун “Гүлчө” борбордук мечитинде райондун бардык айылдарынан келген жашоочулар жана имамдардын катышуусунда “Сабатсыздыкты жоюу” аталышындагы конференция болуп өттү.  Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти. 

Маалым болгондой, жыйында Ош облусунун казысы Н.Арипов келген жамаатка ынтымак, кечиримдүүлүк, ыйман жана илим алуу маселеси боюнча баян жасап, илим алуу ар бир момун мусулман үчүн канчалык маанилүү экендигин аят, хадистер менен кеңири түшүндүрүп берди. Мындан сырткары илим алуу диний түшүнүктү жогорулатып, ар түрдүү терс агымдардын курмандыгы болуунун алдын аларын өзгөчө белгилеп, андыктан мусулмандар илим алууда, напсиге каршы күрөшүүдө атаандаштыкта жарышуусу чоң жакшылыктарга жеткирерин белгиледи.

Жыйындын 2-бөлүгүндө эл арасында болуп жаткан терс көрүнүштөр: аракечтик, уурулук, сойкулук маселеси боюнча баян жасалып, андан соң жыйындын катышуучуларына илим үйрөнүүнүн шарттары окутулду.

Эскерте кетсек, аталган жыйын 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан