Акыркы суткада өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Бишкекте Тыныстанов көчөсү-189-а дареги боюнча жайгашкан үйдө 10 чарчы метр гараждын ичинде Мазда-121 үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру Е 94-17 В) толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери учурда такталууда.