Орусиянын Москва шаарында 1-июнда Москва убактысы боюнча саат 04:00 чамасында Украина унаа жолунда Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 25-14SAL) менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Мунун кесепетинен 4 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Алардын экөө Кыргыз Республикасынын жарандары болуп чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алардын өздүгү такталды.
Каза болгон кыргыз жараны 1959-жылы туулган Чынара Таирова экени анык болду. Ал Ош облусунун Араван районунун жашоочусу болгон. Учурда ал Реултов шаарынын өлүк сактоочу жайында.
Ал эми оор жаракат алып, Москва шаардык №1-ооруканага түшкөн кыргыз жараны Темир Мусалиев 1992-жылы туулган. Ал Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну экени белгилүү болду.