1-июнь күнү 11:30 чамасында алдын ала алынган маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери Кара-Көл шаарынын Каипов көчөсүнүн жашоочусу, 1956-жылы туулган К.В. аттуу жарандын үйүнүн короосун текшеришкен. Жыйынтыгында атайылап карап өстүрүлгөн, салмагы болжол
менен 600 граммды түзгөн 34 түп
баңгизатын камтыган апийим өсүмдүгү табылган.
Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашкандай, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.