Өндүрүш жана ишкерлер союзу: "Кумтөрдүн" маселелеринен кийин инвесторлор кыргыз жергесине келүүсүн токтотушкан жок"

"Кумтөрдөн" кийин инвесторлор кыргыз жергесине келүүсүн токтотушкан жок". Мындай пикирин бүгүн, 3-июнда маалымат жыйын учурунда КРнын Өндүрүш жана ишкерлер союзунун аткаруучу директору Шамил Борончиев билдирди. Анын айтымында, учурда Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен биздин өлкө инвесторлор үчүн жагымдуу.

"Кумтөр" менен болгон маселеден кийин инвесторлор азаят же такыр эле жоголот деп айтылды эле, бирок андай болгон жок. Жакында "Жер-Үй" кени боюнча тендердин жыйынтыгы чыкканы буга далил. Учурда биз Түркия жана Европа өлкөлөрүнүн инвесторлору менен кызматташууну жакшыртуудабыз, жакында аталган мамлекеттерде боло турган бизнес-форумдарга катышканы турабыз. Инвесторлор биздин өлкөнүн жеңил өндүрүш тармагына абдан кызыгышат. Бул жаатта алгылыктуу иштер өткөрүлсө жакшы болмок, анткени бүгүнкү күндө "Дордой" базарынын ишкерлеринин 80 пайызынын товары өтпөй турат”,- деди Борончиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jaazira13
2015-06-08 18:08:39
улутташтырып корбойлубу? анан коробузда эмне болот экенин
0
marik10
2015-06-21 21:18:43
бу маселеге чекит коюлганда коробуз инвестициялык климатыбыз эмне болот, депутаттар талкалашат же болбосо тууралашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан