Канжар Кадыралиевдин иши боюнча сот отуруму 22-июнга белгиленди

Бир нече беренелер менен айыпталып жаткан Канжар Кадыралиевдин иши боюнча сот отуруму 22-июнга белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карайт.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bektur2
2015-06-03 11:56:17
Алергияны карматпай капаска камап же бошотуп эле ийгилечи
+1
uragan007
2015-06-03 12:43:25
духу жетпей жатат окшойт чамасы
0
33SUUN
2015-06-03 14:05:03
32-июньга белгилеп коюш керек эле,кала эле кыйнала бербей.
0
Alicia
2015-06-03 15:45:36
Ushul Kanjardy ayabay zvezda kylyshty go? ukkum da kelbei kaldy:(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан