Кадамжай районунда мамлекеттик чек араны бузган 4 тажик жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандар Кыргыз Республикасынын аймагынан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылышкан. Алардын жанында өздүгүн тактаган документтери болгон эмес. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.