Кылычбек Арпачиевге карата жазык иши 8-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунда каралат

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиевге карата жазык иши 8-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан