Бостондогу теракт боюнча айыпталган Царнаевдердин ишин тергөөдө тоскоолдук кылган казак студенти 6 жылга эркинен ажыратылды

АКШнын Бостон шаарындагы теракт боюнча айыпталган ага-ини Царнаевдердин ишин тергөөгө тоскоолдук кылган казакстандык студент Диас Кадырбаев 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу кечээ, 2-июнда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, казак студенти өз кылыктары үчүн коомчулук алдында кечирим сурады. “Мен туура эмес чечим кабыл алганымды билем жана бул үчүн кечирим сурайм. Теракта жабыр тарткандардан, алардын жакындарынан кечирим сурайм”,- дейт ал. Буга чейин анын 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылып келген.

Кошумчалай кетсек, “2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Ал эми Диастын Жохар Царнаев менен тааныш экени белгилүү. Ал жакын досу Азамат Тажаяков менен биргеликте Царнаевдерге таандык ноутбук жана пиротехникаларды жок кылганы айтылган. Бул иликтөө иштерине кедергисин тийгизген.

Майдагы сот отурумунда Бостондогу теракт боюнча айыптуу деп табылган Жохар Царнаевдин өлүм жазасына тартылышы керектиги айтылган. Соттун расмий билдирүүсү 24-июнда белгилүү болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
forgotten
2015-06-03 11:40:32
Адамдардын омуру булар учун оюнчук экен да акмактар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан