Бүгүн, 3-июнда Бишкек шаардык соту Башкы прокуратуранын депутат Карганбек Самаковго карата бөгөт коюу чарасын - "үй камагы" боюнча чечимди "камакка алуу" чечимине өзгөртүп берүү өтүнүчү боюнча даттануусун карап чыкты. Жогорку Соттун маалымат кызматы билдиргендей, шаардык сот Октябрь райондук сотунун 17-майдагы чечимин күчүндө калтырды. Бирок Октябрь районунан чыкпоо бөгөт коюусун эми Бишкек шаарынын аймагына өзгөрттү.
Эске салсак, 2015-жылдын 17-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Карганбек Самаковго карата бөгөт коюу чарасын карап, 2 айга үй камагына алуу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратуранын тергөө органынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Тергөө органдарынын уруксаты менен гана аталган райондон тышкары башка жактарга барууга болорун чечкен.
Самаков Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо кылмышына айыпталууда.