"Бейтааныш 3 адамдын ур-токмогуна кабылып, бирок акырында мен күнөөлүү болуп калдым". Бул тууралуу бүгүн, 3-июнь күнү Ош облусунун 67 жаштагы тургуну Исак Маразаков маалымат жыйынында билдирди.
“Былтыр 29-сентябрь күнү жумушумдан чыгып үйүмө баратканда жолдо отурган 40 жаштардагы 3 адамга “Эмне кылып жатасыңар?” деп айтып койгонум үчүн сабалдым. Жерге жыгылып баратып, кокусунан колумдагы мылтыктан ок чыгып кетти. Аны айыл тургундары, баарыбыз чөөлөрдү өлтүрүш үчүн көтөрүп жүрөбүз. Кийин эсиме келсем, мылтыгымды алып коюшуптур, үйгө эптеп жетип, денем ооруганынан арак ичкем. Бир аздан кийин милиция кызматкери келип мени экспертизага алып барып, "бул мас абалында болчу экен" деп жыйынтык чыгарып берди. Анан да ур-токмоктон эки кабыргам сыныптыр. Дарыгерлер "ооруканага жатпасаңыз, өпкөңүзгө суу толот" дешкенинен ооруканага жаттым. 12 күндөн кийин кийимимди алмаштырып алайын деп үйгө келсем, мага карата "бейбаштык кылды" деп күнөө тагып, 48 саатка камакка алышты. Учурда өлкөдөн чыкпоо боюнча кагаз берилди. Паспорт жана мылтыгым азыр тергөөчүдө, мага карата ишти Кара-Суу райондук соту кароодо.
"Биздин өлкөдө деги акыйкаттык барбы?" деген суроо менен эми коомчулукка кайрылып жатам",- дейт аксакал.