Жалал-Абадда туура тамактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" аймактык башкармалыгында болгон жыйында SPRING долбоорунун адиси Жамиля Кудайбердиева тамак-аш, тамактанууну жакшыртуу боюнча маалымат берди. "SPRING дүйнөлүк деңгээлде тамак-аш тармагындагы өнөктөштүктү, натыйжалуулукту жана жаңы ыкмаларды колдонуу долбоору ЮСАИДдин колдоосу менен ишке ашырылып, тамактанууну жакшыртууга арналган. 6 айга чейин жалаң эне сүтүн эмизүү, 6 айдан кийин наристелерге туура кошумча тамак берүү, кош бойлуу аялдардын туура, толук кандуу тамактануусу жана азыктарды кыш мезгилинде туура сактоо темаларын камтыйт",- деп айтып өттү Ж.Кудайбердиева.

Мэриядан кабарлашкандай, туура тамактануу тууралуу жыйындын катышуучулары маалыматтарды элге жеткирүүнүн жолдорун көрсөтүшүп, эл көп топтолгон жерлерде калкка маалымат жеткирүүгө болот деген пикирлерин айтып, көрсөтүп беришти. 

Белгилей кетсек, долбоор КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштейт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ajar.
2015-06-03 14:57:52
Бизге баарын үйрөтүп жатышат: гендердик теңчилик, үй-бүлөнү туура пландоо(балдардын аралыгы канча болуш керек,орой айтканда,качан бала төрөш керек, качан төрөбөш керек дегенди),мектепте сексуалдык билим берүү, керек болсо кийизди иштетүү боюнча да (ушул б-ча волонтерлор курстарды,тренингдерди өтүп жүрүшкөн, а кийиз иштетүү бизден калган да ), ж.б. эми туура тамактануу... Ушулардын баарынын артында чет элдик бейөкмөт уюмдар турат.
0
Ajar.
2015-06-03 15:07:50
Эми суроо жаралат: бул жакшыбы же жаманбы, же биз ушунчалык эле акылсызбызбы, ырас, ушуларды бизге үйрөтүп жатышса... Же "алдап-соолап күчүн ал" деген принцип менен акчасын алып коюп жүрө берелиби (анткени мындай долбоор, программа, аны-мунуларда чоң акчалар жүгүрөт да)... Билбейм, билбейм, балким, туура эле аракет чыгар, бирок баары бир мага жакпайт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан