Бүгүн, 3-июнда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад шаарында жаштардын демилгесин колдоо борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматынан билдиришти.
Борбордун негизги иш багыты – жаштарга билим берүү, аларды заманбап маалымат технологияларын үйрөнүүгө окутуу. Бул - электрондук документ жүгүртүү жана жалпы санариптик сабаттуулук тутумуна өтүү боюнча "Санариптик мамлекет" мамлекеттик саясатын колдоо алкагындагы партиянын долбоорлорунун бири.
"Электрондук кызматташуунун заманбап тутумуна өтүү менен кыргыз мамлекети глобалдуу маалымат мейкинине кирет. Буга эң алгач биздин жаштар мыкты даярдыкта болуусу абзел. Компьютер калем же калем сап сыяктуу эле күнүмдүк буюмга айланып калышына жетишүүбүз керек",- деп белгиледи Өмүрбек Текебаев.