Акыркы суткада өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Талас районунун Көк-Кашат айылында жол жээгинде турган Ауди-100 (мамлекеттик номуру Т 94-69 А) автоунаасы толугу менен күйгөн. С.Рыскулов аттуу тургун ээлик кылган унаанын кыймылдаткычынан жалын чыккан.