Адам уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Адам уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-май күнү милиция кызматкерлерине К.Г. аттуу жаран кайрылып, Өткүр, Эрзат, Арслан аттуу балдарга чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, 2014-жылдын апрель айында коңшу өлкөлөрдүн биринин жаранынан чоң көлөмдө мандарин сатып алуу боюнча сүйлөшүшкөн. Сатып алуу учурунда товардын айрым бөлүгү жараксыз болуп чыккан. Мындан улам коңшу өлкөнүн жаранына бул тууралуу билдиришкен, бирок ал акчаны толук берүүсүн талап кылган. Ага көнбөгөн күйөөсү менен кызын Өткүр, Эрзат, Арслан аттуу балдар күч колдонуу менен Тажикстан тарапка алып барышып, 20 күн кармашкан. Акыры туугандары тарабынан товардын акчасы толук берилгенде күйөөсү менен кызын коё беришкен.  

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган К. уулу А. кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан