Ноокен районунда "аңчылыкка кеткен боюнча дайынсыз" делген жаран дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнь күнү ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-май күнү Ноокен районундагы Кара-Булак айылынын Улан Мамишов жана Кубат Эгембердиев аттуу тургундары Кара-Таш жайлоосуна аңчылыкка чыгышкан. Бирок Улан Мамишов үйүнө кайтып келген эмес. Кечээ аны издөө үчүн куткаруучулар жана айыл тургундары чыгышкан, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн да уланат.