20-февралда борбор шаардагы Медициналык академиянын ортопедиялык стоматология кафедрасынын башчысы А.А.О. аттуу жаран бирөөгө жасалма диплом даярдап берип, андан 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул аракеттери үчүн аталган жаран СИЗОго камакка алынып, "алдамчылык", "жасалма документтерди пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы башка ЖОЖдордон да жасалма диплом даярдоо фактылары табылганы белгилүү болду.