“Бишкекте 14 жашар баланы кулпунай сатканы үчүн ур-токмокко алды” делген мэрия кызматкери өзү сабалып, колу тытылганын айтты (фото)

“14 жашар баланы кулпунай сатканы үчүн ур-токмокко алды” делген Бишкек шаарынын Свердлов райондук акимчилигинин кызматкери окуянын андай болбогонун SUPER.KG порталына билдирди.

Окуя болгон жерде ар нерселерди сатууга тыюу салынган. Мындан улам Н.Исаматовага 4-5 жолу эскертүү берилген, бирок ага болгон жок. 2-июнь күнү дагы барып, кулпунайды бул жерде сатууга тыюу салынганын айттым. Ага да көнбөгөнүнөн таразанын табагын алып коюуну чечкем. Ал ага каршы болуп, столун мен жакка түрттү. Ошол учурда столу кулап калган эле, анан ары жактагы эки аял да кошулуп, мени ур-токмокко алышты. Көйнөгүм айрылып, колдорум тытылды. Баласын да тээп-чапкан эмесмин. Болгону мен өз жумушумду аткарып жаткам. Андан соң дароо милиция чакырып, арыз жаздым”,- дейт Бишкек шаарынын Свердлов райондук акимчилигинин кызматкери Эркин Бактияров.

Буга чейин SUPER.KG порталына шаар тургундарынын бири Бишкекте мэриянын кызматкери Эркин Бактияров 14 жашар баланы кулпунай сатканы үчүн апасынын көзүнчө ур-токмокко алганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
spinkub
2015-06-04 12:27:40
Оромол салынып ал сага оло жарашса керек.
+3
dina
2015-06-04 14:08:07
Бу байкуш да өз кызматын кылып журот, сатуучулардын жайына койсо чоң көчөнүн ортосуна деле отуруп алгылары бар, анан кайра өзүбүз эле наалыйбыз не буларды көзөмөлдөп койбойбу машиналар өтө албай калды, трын-прын деп... Нанын таба албай жатса да тартипке баш ийиш керек да
+1
modem4999
2015-06-04 23:55:53
dina, Трын прын дешеби?
0
Gulgamal
2015-06-04 14:10:22
ХХХ ХХХ ХХХ, 14жашар бала урду деп, арыз жаздынбы уят еле, жыргаганынан сатып атат дейсинби кулпунайды
+3
admin_portal
2015-06-04 14:49:40
Gulgamal - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
Taa1ai
2015-06-04 14:40:24
Азыр ким биринчи арыз жазса ошонуку чын болуп калганы окунучтуу
+3
Саби
2015-06-04 14:59:41
Ооба ар бирибиз законго баш ийишибиз керек.Кетпейм сатам-деп догурунуп кап-каяктагы создорду айтып деле адамдарыбыздын уяты жок болуп калды.Минтип отурсак Бишек,шаар эмес эле базар болуп калат.Ар ким оз жазасын алсын.
0
Gamze90
2015-06-04 15:17:56
Мамлекет тараптан бир да жардам болбойт да анан. Эптеп жанын багып жаткандарга тийишкенден уялса боло. Бир места даярдап анан ошол жака барып саткыла деп коргозуп койсонор, болбой жатса ал жака барбай анда айтсанар жарашат тобо ушуларды урдум.
+2
modem4999
2015-06-04 16:07:38
Чыпалагым канады деп дагы милицияга арыз жазабы кокуй,достору укса эмне дейт эми.
+1
bakyt_2015
2015-06-04 16:57:48
Мам.кызматчынын жаны жан эмес бекен арызданбагыдай.Жанын эптеп бакса базардан коп нерсе жок Бишкекте, сатсын атайын болунгон жерге.Кылт этсе асмандан тушо калгансып адырандаган аялга толду коомубуз. Ош базарынын айланасычы тачкаларга толтуруп алып брак товарлар толо, милиция кубаласа ажылдап кошо мушташышат.Элге кандай ынгайсыздык жаратып жатат. Жогоркулар сыяктуу мать Терезалар кобойду аран жашап атса деп туураланган,1-ден анын жашоосун кайдан билесинер, 2-ден баары мыйзам чегинде болушу керек
0
BakytAliev
2015-06-04 17:30:51
Бечара баланы урам деп колу тытылып кеткен го
+2
baba.
2015-06-04 20:04:24
Баланы урганга кандай акысы бар!!!Кээде оз баланды уруп коюп кандай ичин тызылдайт...Байкуш апасы канттикен козунчо баласын сабаса....Бизде барбы балдардын укугун коргогон адвокат.ким билет...
-1
aibo_85
2015-06-04 22:28:14
Ээнбаш балдар көбөйдү, уруксат берилбеген жерге неге сатып жатат, анын үстүнө эскертүү да берилиптир, эмне акимчиликте иштесе ал деле айлыкка иштеген балдарын баккан бир жан да, өз ишин аткарып жатат, салыгын төлөп. Ал эми бул жаш бала салыктан качып жатат.
+1
aibo_85
2015-06-04 22:32:33
Ошо жаш бала акимчиликте иштеген балага караганда жакшы табат. Жаш бала болгондон кийин улууну урматтап койбойбу, мыйзамсыз иштеп жаткандан кийин.
+2
ROUSE
2015-06-04 22:57:47
Хе хе бул жагы тамсил болуп калыптыр.
Бечара катуу жаракат алган экен, ушунча да сабашабы ыя? Ичеги карды чыкканы аз калыптыр. Озгочо коркунучтуу кылмышкерлер ( алсыз аял жана бала ) кабандай жигитти ур токмокко алышат деген не шумдук!
Ээх канча чыркырашса да эне бала куноолу болушуптур гоо .... эми попробуй доказать андай эмес эле деп
0
guard
2015-06-05 00:57:43
Мэрия кызматкери тартипти сактайм дегени менен туура эмесирээк, кыргызча жол менен аракет кылып коюптур, эки жолу айтканда укпай койдубу, тиешелуу жерге жазып, кайрылыш керек болчу, чара коргуло деп. Ошондуктан арызды милицияга жазып калыптыыр, мени аялдар уруп койдуу деп, закон ээлери озулору ошол законду туура пайдаланышпайбы, ормон опузага сала бербей )))
-2
Nurchelo
2015-06-05 15:25:23
Базарда эжелер аман эле болушсун. Ажылдап жанакы ак уйго чыга турган эжелердей болур ооздорунан ак ит кирип кара ит чыгып суйлобогон создун баарын сулоп керек болсо бетинди кийминди тытып токмоктоп салат. Эгерде 2-3 жолу эскертуу берилгенден кийин угуп кетишпейби. Тоботпогондуктан эшикте ар кайсы жерде базар кылып ар нерсени сата беришет особенно воскресенье куну. Ош базарына барып иштебейби, канча базар ба. шаардын тазалыгына иштегендерди ушинтип жаман коросунор кайра
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан