Башкы прокуратура Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевге карата “кызмат абалынан аша чапкандык” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын июль айында Максат Чакиев чет элдик Ф.П. аттуу жарандын ишеничине кирүү менен ага Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлүгүн аныктаган жасалма күбөлүк берген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө департамент башчысынын бул кылыгы билинип, ал ишти жабуу үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү сунуштаган. 28-май күнү Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү, Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, 2 айга камакка алынган.