Бишкекте тигүү цехинин 2-кабаты чатыры менен кошо күйүп кетти (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-июнда Бишкектеги Менделеев көчөсү-136-А дареги ("Мадина" базарынын жаны) боюнча жайгашкан тигүү цехинин 2-кабаты чатыры менен кошо күйүп кетти. Тилсиз жоо түшкү саат 13:30да башталып, өрт өчүрүү бөлүмүнө чалуу саат 13:41де түшкөн. Бишкек шаарынын Өрткө каршы башкы башкармалыгынын өрт өчүрүү кызматынын башчысы, майор Урмат Сариевдин айтымында, кырсык болгон жерге кызматтын эки унаасы келип, өрттүн күчтүүлүгүнө байланыштуу жардамга дагы үч унаа, өчүргүчтөр тобу чакырылган.

“Өрт өчүрүүгө 33 кызматкер тартылып, тилсиз жоо 40 мүнөттөн соң өчүрүлгөн. Жалпысынан 300 чарчы метр аянт күйүп, тигүү цехинде жайгашкан жабдыктар жана кездемелер жараксыз абалга келген. Учурда келтирилген чыгымдар боюнча маалымат жок. Бирок объектинин 2-кабатынын 70-80 пайызы чатыры менен кошо күйүп кетти. Биздин кызмат окуя болгон жерге келгенде цехтен болжол менен 20дай адам чуркап чыкты”,- дейт майор. 

Өрттүн чыгып кетиши боюнча тигүү цехинде иштеген кызматкер өзүн тааныштыруудан баш тартып, мындай деди: “2-кабаттын бир бурчунан өрт чыкты окшойт. Иштеп отурсак, бир маалда чуркап келишти, “электр тогун бириктирген жеринен чарт-чурт этип от чыгып, бир нерсе жарылды” деп. Баарын таштап эле чуркап чыктык. Эми жумушубуз эмне болору белгисиз”.

Бишкекте тигүү цехи күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aziret-92
2015-06-04 17:18:58
"САДАКА" беруу ар кандай кырсык,балээлерден сактайт...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан