"Балыкчы шаарынын тургунунан 20 миң доллар тартып алган" деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты

"Балыкчы шаарынын тургунунан 20 миң доллар каражат опузалап тартып алган" деген шек менен уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Бишкектен кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда М.Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, буга чейин соттолгон
Б.Бактыбек, С.Адылбек жана Ж.Марат кармалды.

Кошумчалай кетсек, алар үстүбүздөгү жылдын 22-майында Балыкчы шаарынын тургунунун үйүнө кирип, акча талап кылышкан. Коркутуп-үркүтүүлөрдөн кийин жабырланган тарап 20 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты бергенге мажбур болгон. Аталган факт боюнча "опузалоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалгандар учурда Балыкчыдагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nelya88
2015-06-05 00:03:39
Андай акчаны банкта эле сактасанарчы,туугандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан