Жалал-Абад шаарында 20 жылдан бери топтолуп жаткан таштанды шаар тургунунун демилгеси менен чыгарылды

Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов атындагы аймактык башкаруусунун жашоочулары көрктөндүрүү иштерин ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Нагорный көчөсүндөгү 20 жылдан бери чыгарылбай топтолуп жаткан таштанды чыгарылды.

Жакшы саамалык шаар тургуну, аксакал Аттокур Калбаевдин демилгеси менен, өз чөнтөгүнөн чыгарган 50 миң сом акча каражатына ишке ашты. 20 жылдан бери жаткан таштанды жерге көмүлүп, көчө жагымсыз жыттан арылды.

Ошондой эле Бакыт үйүнүн жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн айланасы тазаланып, дарактар акталды”,-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан