Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-июнь күнү Башкы прокуратурага Бишкектеги чарбалык субъектилердин биринин жетекчиси кайрылган. Анда ал Ленин райондук салык башкармалыгынын кызматкери 5 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кечээ, 4-июнь күнү аталган кызматкер 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.