Бишкекте "унаа алып берем" деп 10дон ашык адамды алдаган Пакистандын жараны кармалды

Бишкекте "унаа алып берем" деп 10дон ашык адамды алдаган Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 41 жаштагы Жавид Ахмед Малик аттуу Пакистандын жараны “Япониядан унаа сатып берем” деп шаар тургунунан 3500 доллар алып, из жашырып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде аталган жаран кармалган. Ал ушундай эле жол менен 10дон ашык адамды алдаганы белгилүү болду.

Эгерде ким бул адамдын алдамчылык аракеттеринен жабыркаса, (0554) 00-12-00, (0553) 10-26-87 номурларына байланышка чыкса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
saru
2015-06-05 10:15:22
Ушул Пакистандыктар да тажатышты.Кудайбергендин айланасынын баары эле Пакистан улутундагы адамдар.Чоон унаа тетиктерин сатчу складтарды ачышып,базар ичиндеги Кыргыздарга туйшук жаратышты.
+2
Krasnoyrsk124
2015-06-05 10:29:46
Камаш керек бул ХХХ бироонун жеринде герой болгон сени
+3
admin_portal
2015-06-05 11:05:53
Krasnoyrsk124 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
asi15
2015-06-05 11:33:00
Охоо ушинтип эле ар ким келип кыргыздарды кордой берет экен да.
0
altai86
2015-06-05 22:34:35
бандитер кыргыздарды тонобой ушул окшогон кудайдан жыланайлак качкандарды тоношпойбу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан