Сузак районунда 11 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 4-июнь күнү саат 14:00 чамасында аталган райондун Айдың тилкесинде болгон. Анда 11 жаштагы К.А. Көк-Арт дарыясына сууга түшүп жатып агып кеткен. Анын жансыз денеси Арал айылында суунун жээгинен табылган.
Бул окуя боюнча ата-энеси жана туугандары эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.