Ноокен районунда "аңчылыкка кеткен боюнча дайынсыз" делген жаран 50 метрлик аскадан кулаган. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнь күнү ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-май күнү Ноокен районундагы Кара-Булак айылынын Улан Маматов жана Кубат Эгембердиев аттуу тургундары Кара-Таш жайлоосуна аңчылыкка чыгышкан. Бирок Улан Маматов үйүнө кайтып келген эмес. Кечээ аны издөө үчүн куткаруучулар жана айыл тургундары чыгышып, жансыз денеси табылган. Маркум 50 метрлик аскадан кулаган.