Кадамжай районунда мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-июнь күнү "Айдаркен" чек ара отрядынын чек арачылары Көк-Талаа каналына жакын жерден өзбек жараны кармалган. Анын жанында өздүгүн тактаган документтери болгон эмес. Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, кармалган адам Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.