Чүй облусунун тургуну: «Балабыз аткезчилик менен күрөшөм деп кылмышкер кесиптештеринин колунан каза тапты»

«Балабыз Алмазбек Кадыркулов аткезчилик менен күрөшөм деп кылмышкер кесиптештеринин колунан каза тапты»,- деди бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында маркумдун апасы Дамира Кадыркулова.

Анын айтымында, 2015-жылдын 28-январында каза болгон Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Алмазбек Чалдыбар бажы постунда жүктөрдү текшерип иштечү.

«Биздин оюбузча, балабызды колу таза эмес кесиптештери уу берип өлтүрүштү, анткени Алмазбек бажы постунан аткезчилик менен өтүп жаткан жүктөрдү көп кармап, аларды ачыкка чыгарчу. Ошондон улам бирөөлөргө акча табууга жолтоо болчу. Ички иштер министрлигинен алган Ардак грамоталары колго баткыс. Анан ушундай адамды көрө албай өлтүрүштү.

Ал жумушунда түшкү тамактан кийин эле башы катуу ооруп, кусуп, ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча Панфилов райондук сотуна кайрылганбыз, алар ишти иликтемиш болуп, бирок кылмыш ишин 2-май күнү себепсиз жаап коюшту.

Экспертиза өткөрүлгөн жок, анткени баарыбыз балабызды жоготуп, шок болуп калганбыз.

Балабыздын артында жубайы жана бир кызы калды. Бирөөнү өлтүргөнгө эч кимдин акысы жок!»- дейт маркумдун апасы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Savai80
2015-06-05 14:10:25
Да, бир чети айтканы жондуу бул эненин. Эмне дейбиз азыр шакалдардын заманы болуп жатпайбы. Бир арстанды шакалдар коптоп олтурушуптур да. Шакалдардын, алар менен табакташ жорулардын, тулкулордун, карышкырлардын доору суруп жатат азыр.Жаткан жери жайлуу болсун уулунуздун
+4
Krasnoyrsk124
2015-06-05 14:19:00
Бизде акыйкат жок, чындыкты жаман коробуз; баары эле кунумдугун ойлоп калышкан...
+3
bek_sarai
2015-06-05 22:54:37
ХХХ биздин чиновниктер башка соз жок
0
admin_portal
2015-06-08 15:25:06
bek_sarai - эскертүү!
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан