Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Баткен шаарынын Касым Абдысатаров аттуу тургуну кайрылган. Анда ал февраль айында белгисиз адам Кызыл-Кыядагы убактылуу жашаган үйүнөн 30 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган М.Э. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан