Бишкекте 16 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтосун кызы Альфия 20-май күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын бою 160 сантиметр жана узун, кара чачтуу, оң кашынын үстүндө меңи бар. Альфияны көрүп-билгендер болсо, (0312) 43-28-15, (0550) 10-28-72, (0551) 10-28-05, (0557) 20-12-68 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет жана сүйүнчүсү болот.