Сокулук районунун тургуну өз эрки менен ок атуучу куралды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-июнь күнү милиция кызматкерлерине Кызыл-Туу айылынын 53 жаштагы С.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине 32 калибрлүү ок атуучу куралын өз эрки менен өткөрүп берген.